Жаңылыктар
Жогорку Кеңеште Башкы прокурордун өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча отчёту каралды
Кыргызстан жаңылыктары
Жогорку Кеңеште Башкы прокурордун өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча отчёту каралды

Коррупциянын натыйжасында мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында өткөн жылы жалпысынан 1 млрд 79 млн 556 сом өндүрүлгөн. Анын ичинен 352 млн 52 миң сом акчалай, 727 млн 503 миң сомдук акчалай эмес түрдө алынган. Ал эми мамлекеттик жана муниципиалдык кызматкерлердин кирешелерин жана чыгашаларын декларациялоо багытындагы мыйзамдын аткарылышы боюнча прокурорлор тарабынан 1 миң 332 чара көрүү актылары киргизилип, 2 миң 225 мамлекеттик жана муниципиалдык кызматкерлерге тартиптик жаза колдонулган. Бүгүн Жогорку Кеңеште Башкы прокурордун өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча отчёту каралды.

Өткөн жылы башкы көзөмөл органы коррупцияга каршы аракеттенүү, коррупциялык укук бузууларды азайтуу, социалдык чөйрөнү жана жашы жете элек балдардын укуктарын коргоо, мыйзамдардын сакталышына карата көзөмөлдү камсыз кылуу багытында иштерди аткарды. Өзгөчө көңүл көзөмөл органынын ишинин натыйжалуулугун арттырууга бурулду.

Аткарылган иштердин басымдуу бөлүгү сот-укуктук реформанын алкагында болду. Анын ичинде жаңы кабыл алынган мыйзам, кодекстерди башка укуктук-нормативдик документтерге шайкеш кылуу багытында жасалды. 

Башкы прокурордун баяндамасынын негизин жемкорлук менен болгон күрөштө аткарылган иштер түздү. Ал берген маалыматка таянсак, мамлекеттик органдардын ичинен көпчүлүк мыйзам бузуу өз алдынча башкаруу тутумунда, жол жана транспорт, билим берүү жана саламаттыкты сактоо министрликтеринде, экотехинспекциясында, курулуш агенттигинде жана алардын түзүмдөрүндө орун алган. Жыйындын жүрүшүндө эл өкүлдөрү жемкорлуктун белгисине айланган айрым ири долбоорлорду ишке ашыруудагы коррупциялык аракеттерге кызыгып, Бишкек ЖЭБин, тарых музейин модернизациялоо, ат майданды курууда кымырылган миллиондордун иши тууралуу суроо узатышты.