Жаңылыктар
Калкты тейлөө борборлору кайрадан иштей баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Калкты тейлөө борборлору кайрадан иштей баштады

Тиешелүү кызматтарды алуу үчүн чогулган жарандар мурдагыдан да көп экени байкалды. Мындан улам Мамлекеттик каттоо кызматы жарандарды өтө зарылчылык болбосо, документ алууга шашылбоого чакырды. Калкты тейлөө борборлорунун иштей башташы менен Бишкекте дагы кошумча эки кеңсе ачылды.

Бишкектеги 4 калкты тейлөө борборуна дагы экөө кошулду. Жаңы ачылган кеңселерде 2004үнчү жана 2017-жылы чыккан паспортторду алмаштыруу, чет элдик жарандарды каттоо, убактылуу жана туруктуу каттоого алуу, туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү, балага сүйүнчү алуу кызматтары ишке ашырылат. Ал эми жаңы борборлор Садырбаев-Ахунбаев жана Тоголок Молдо-Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиштеринде жайгашкан. Бири күнүнө алты жүз адамды тейлегенге ылайыкталса, экинчиси эки жүздөй адамга кызмат кылат. Кошумча борборлор ачылганы менен кайрылган жарандар мурдагыга салыштырмалуу көп болуп жатат. 

Учурда өлкө боюнча жалпы жыйырмадан ашык калкты тейлөө борбору бар. Алардын саны дагы көбөйтүлөт. Бул жарандарга кызмат көрсөтүүлөрдү жеткиликтүү кылуу, кезек күтүүлөрдү азайтуу максатында көрүлүп жаткан чара.