Жаңылыктар
Россиядан Кыргызстанга жума сайын чертердик каттамды уюштуруу пландалууда
Мекендештер
Россиядан Кыргызстанга жума сайын чертердик каттамды уюштуруу пландалууда

Россиядан Кыргызстанга жума сайын чертердик каттамдарды уюштуруу пландалып жатат. Кийинки каттам 26-майда ишке ашканы турат. Учурда жүргүнчүлөрдүн тизмеси түзүлүп жатат. Алгач кош бойлуу жана жаш балдары бар аялдар сапар алат. 



26-майда Аэрофлот компаниясы Москва-Бишкек боюнча чертердик каттамды ишке ашырат. Элчи менен атайын иш тобу, бул ирет, 5-айдан 8-айга чейинки кош бойлуу жана 2 жашка чейинки жаш балалуу аялдар кетерин белгиледи.


Бүгүнкү күндө мекенге кайтууну каалагандардан миңден ашык арыз түшкөн. Арыздар ыктыярчы юристтердин элегинен өтүп, маалымат базасына киргизилет. Андан соң, медицина кызматкерлери карап чыгып, жыйынтык чыгарат.


Оренбургдагы 400 жаран үчүн жакшы маалымат. Аларды автобус менен алып кетет. Элчинин айтымында, бул боюнча суроо чечилген. Ошондой эле, документтердин жарак мөөнөтүнө карата өкмөттүн жарлыгы да чыккан.


Дипломатиялык өкүлчүлүктөн белгиленгендей, жума сайын ишке ашып турган каттамдар, Кыргызстанга кайта тургандардын санын азайтат. Ал эми 16-майдан кийинки каттамдарга бардык категориядагы жарандар алына баштайт.