Жаңылыктар
Бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам
Кыргызстан жаңылыктары
Бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам

Бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу болду. Документ өкмөттүк эмес уюмдарды каржылоо булагы тууралуу отчёт берүүгө жана каржылык ишмердүүлүгү жөнүндө кенен маалымат көрсөтүүгө милдеттендирүүнү көздөйт. Мыйзам долбоору өткөн жылдын соңунда депутаттар тобу тарабынан демилгеленип, март айынын башында биринчи окууда кабыл алынган. Бүгүн өткөн коомдук угууга өлкөдөгү 60тан ашык өкмөттүк эмес уюмдар, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун жана Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлдөрү катышты.