Жаңылыктар
Прокурордун жардамчысы пара менен кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Прокурордун жардамчысы пара менен кармалды

Прокурордун ага жардамчысы пара алып жаткан жеринен колго түштү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 22-майда УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы тарабынан Башкы прокуратуранын өздүк коопсуздук жана кызматтык териштирүү бөлүмү менен бирге жүргүзгөн ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында 150 миң сом пара алып жаткан учурунда Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун прокурорунун ага жардамчысы кармалды. 

Алдын ала маалыматка караганда, прокурордун ага жардамчысы арыздануучунун уулуна карата козголгон кылмыш иши боюнча жеңилдетилген чечим чыгаруу үчүн маселени оң тарабына чечүү максатында арыздануучудан 2 миң доллар акча талап кылган. Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Кылмыш-жаза кодексинин "Пара талап кылуу" беренеси боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.