Жаңылыктар
А.Атамбаев Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүндө болду
Ден соолук
А.Атамбаев Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүндө болду

Кыргызстанда 1-июнь балдардын эл аралык күнү белгиленүүдө. Майрамды утурлап президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүндө болду.

Өлкө башчы анда онкологиялык жана гемотология оорулары менен жабыркаган балдарды майрамы менен куттуктап, Улуттук онкология борборунун балдар бөлүмүнө 5 миллион сомдук акчалай жардам көрсөттү. 

Каражат бөлүмдүн кошумча имаратын оңдоп-түзөөгө жана ага жаңы жабдыктарды сатып алууга жумшалмакчы. Дарыгерлердин айтымында, онкология ооруларына чалдыккан жаш балдардын саны жыл санап өсүүдө. 

Бир баланы дарылоого жылына 7-8 миң долларга жакын акча кетет. Андыктан бул тармакка бүгүн берилген каражат чоң жардам болгонун белгилешет.