Жаңылыктар
Пакистандын Карачи шаарындагы авиакырсыктын себептери такталууда
Дүйнө
Пакистандын Карачи шаарындагы авиакырсыктын себептери такталууда

Пакистандын Карачи шаарында жүргүнчү ташып бара жатып кулаган учактан эки киши тирүү калды. Бул тууралуу РИА Новости Bol news агенттигине шилтеме кылып жазып чыкты. Эске салсак, "Пакистандын эл аралык аба каттамдарынын" Airbus A320 учагы Лахор калаасынан Карачи шаарына учуп баратып аэропортко жакын жерден кулап, анда 90 адамдын каза болгону кабарланган. Пакистандын Жарандык авиация башкармалыгынын өкүлү бортто 91 жүргүнчү жана экипаждын жети мүчөсү болгондугун билдирди. Синд провинциясынын өкүлдөрү эки кишинин аман калгандыгын айтышты.

Акыркы маалыматтарга караганда, учак конууга багыт алып, бирок 84 метр бийиктиктен кулаган. Аба кемеси аэропорттун жанындагы эл жашаган жерге түшкөн. Учурда кырсыктын себептери такталууда.