Жаңылыктар
Орозо айт намазы мечитте жана аянтта окулган жок
Дин
Орозо айт намазы мечитте жана аянтта окулган жок

Бүгүн, 24-май күнү таңкы саат 07:00дон 07:30га чейин КТРК телеканалынан Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин Орозо айтка карата куттуктоосу жана кайрылуусу түз эфирде чагылдырылды.

Бүгүн, 24-майда Орозо айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулган жок. “Мындай чечим республиканын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылуу коркунучу бүтө электигин эске алуу менен элибиздин салматтыгы жана коопсуздугу үчүн, илдеттин мындан ары күчөп кетүүсүнө жол бербөө максатында кабыл алынды. Ошондуктан туура түшүнүү менен кабыл алып, берекелүү Орозо айт майрамын жалпыбыз үй-бүлөбүз менен үйдө майрамдайбыз”, - деп муфтияттан кабарланган