Жаңылыктар
Бүгүн Кыргызстанда Орозо айт майрамы белгиленүүдө
Дин
Бүгүн Кыргызстанда Орозо айт майрамы белгиленүүдө

Бүгүн, 24-майда Кыргызстанда Орозо айт майрамы белгиленүүдө. Коронавирус пандемиясына байланыштуу айт намаздары аянттарда жана мечиттерде окулган жок. Вирустун жайылышынын алдын алуу максатында Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы жарандарды бул ирет Улуу орозо айынын жыйынтыкталышы - Орозо айт майрамын үйдө белгилөөгө чакырды. Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев жалпы кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен Коомдук биринчи канал аркылуу куттуктады.