Жаңылыктар
ЖКККБ: жол эрежесин бузгандарга айып салынды
Кыргызстан жаңылыктары
ЖКККБ: жол эрежесин бузгандарга айып салынды

Чүй облусунда бир жуманын ичинде 9 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

18-майдан 24-майга чейинки аралыкта инспекторлор тарабынан 2 миң 172 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталган. Мас абалында унаа башкарып, 9 айдоочу кармалса, 7 айдоочу терезелерин караңгылатып алганы белгилүү болгон. Ылдамдыкты белгиленген чектен ашырып айдаган 812 учур катталган. Жалпысынан 14 унаа айып жайга киргизилген.