Жаңылыктар
Кытайда бир күндө коронавирус жуктурган жаңы 11 учур катталды
Дүйнө
Кытайда бир күндө коронавирус жуктурган жаңы 11 учур катталды

Кытайда бир күн ичинде коронавирус жуктурган жаңы 11 учур катталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик комитетине шилтеме берүү менен РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, жаңы коронавирус жуктурган учурлардын баары сырттан келген. Ошондой эле, 7 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Кытайда жалпысынан илдетти 82 миң 985 жаран жуктурган. Алардын 78 миң 268и айыкса, 4 миң 634ү каза болгон. Учурда 83 бейтап дарыланууда. Ал эми Гонконгдо коронавирус пайда болгондон бери 1 миң 65 учур катталган. Алардын ичинен 4 адам каза болуп, 1 миң 30 жаран айыккан.