Жаңылыктар
Жалал-Абад облусунун аймагында жер титиреди
Кырсык
Жалал-Абад облусунун аймагында жер титиреди

Жалал-Абад облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 24-майда саат 18:46да Кыргызстан менен Өзбекстандын чектешкен аймагында жер силкинип, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

Зилзала Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Жар-Кыштак, Сузак айылдарында 3 балл жана Жалал-Абад шаарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.