Жаңылыктар
Бишкек — Кара-Балта унаа жолунун курулушу
Аймак
Бишкек — Кара-Балта унаа жолунун курулушу

Салынып жаткан Бишкек — Кара-Балта унаа жолунун 45 чакырымына асфальт төшөлө турган болсо, учурда 30 чакырымдан ашыгы даяр болду. Жол куруучулар ушу тапта жер алдындагы өтмөктөрдү, көпүрөлөрдү куруп, суу түтүктөрүн жаткырууда. Ага удаа эле негизги жумуш да жасалууда. 

Долбоор боюнча асфальт төшөлө турган жолдун жалпы узундугу 45 чакырымды түзөт. Ушу тапта бул аралыктын теңинен көбү бүткөрүлгөн. Жер алдынан башаламан өткөн суу түтүктөрү, электр жана байланыш чубалгылары болбогондо иш мындан бир аз эртерээк алдыга жылмак дешет жол куруучулар.