Жаңылыктар
Баланын келечегине кам көрүү-үй-бүлөдөгү баарлашуудан башталат
Билим
Баланын келечегине кам көрүү-үй-бүлөдөгү баарлашуудан башталат

“Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат”.  Элдик накыл сөздүн маанисин,  Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев, энелерге сыйлык тапшыруу учурунда эске салганы бар. Акыркы учурда Кыргызстанда балдардын келечегине, билим алуусуна  өзгөчө маани берген ата-энелер саны арбын.  

1847-жылы туулуп, 1931-жылы дүйнөдөн кайткан,  ааламга атагы чыккан америкалык  ойлоп табуучу  То́мас А́льва Эдисон. Алмазбек Атамбаев энелерге бул электр тармагы жана телеграф, телефон, киноаппаратура тармагын мыкты өздөштүрүп, телефондук  сүйлөшүүдө «алло»-деген сөздү биринчи айтып тарыхта калган генийдин бала чагын мисал келтирди.  Көрсө   То́мас Эдисондун энесине, мугалимдер балаңыздын акылы кем, өзүңүз эптеп окутуңуз-деген мааниде кат жолдогон экен. Аны кийин эр жеткенде окуп алып жазып кеткен турбайбы.

Окумуштуу педагогдор, адистер балдардын келечегине кам көрүү, үй-бүлөдө баарлашуу, сүйлөшүүдөн башталарын белгилеп келишет.

Зинакан Кайыпова, "Биринчи радио"