Жаңылыктар
Нарын облусунда катуу шамал катталып, чатырларды учуруп кетти
Аймак
Нарын облусунда катуу шамал катталып, чатырларды учуруп кетти

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда кечээ, 25-май күнү саат 19:30 чамасында Терек, Баетов, Кайыңды-Булак, Байгөнчөк, Үгүт айылдарында ылдамдыгы болжол менен секундасына 20 метрге жеткен шамал болду. Шамалдын кесепетинен Баетов айылынын Манас көчөсүндө кийим-кечек саткан "Манас", азык-түлүк саткан "Алинур" жана "Минутка" ашканасынын чатырларын учуруп кеткен.

Ак-Талаа райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы жана Жарандык коргонуунун комиссиясы жеринде тактоо иш-чараларын жана жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Бүгүн Жарандык коргонуунун комиссиясы тарабынан кошумча тактоо иш-чаралары жүргүзүлөт.

Ошондой эле, Ат-Башы районунда 25-май күнү саат 18:00 чамасында Ат-Башы районун аймагында ылдамдыгы болжол менен секундасына 25-27 метрге жеткен шамал катталып, шамалдын кесепетинен Ак-Жар айылындагы Маданият үйүнүн 192 чарчы метр чатырын, ошондой эле Жаркынбаев №103 дарегинде жайгашкан сарайдын 72 чарчы метр чатырын учуруп кеткен.

Ак-Талаа райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы жана Жаранды коргонуу комиссиясы жеринде тактоо иш-чараларын жана жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Бүгүн кошумча тактоо иш-чаралары жүргүзүлөт.