Жаңылыктар
ИИМ: издөөгө алынган Райкуль Джапарова Польшанын аймагынан кармалды
Кылмыш
ИИМ: издөөгө алынган Райкуль Джапарова Польшанын аймагынан кармалды

Эл аралык издөөгө, анын ичинен Интерпол аркылуу да издөөгө алынган Райкуль Джапарова Польша Республикасынын аймагынан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. 

Джапарова Райкуль Нуркожоевна Бишкек шаарынын Октябрь райондук жана Бишкек шаардык соттору тарабынан сырттан чечим чыгарылып 2014-жылдын 22-октябрында жана 2015-жылдын 3-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 30-183-беренесинин 3-бөлүмүндө  (Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) кылмышына катышуу), 166-беренеси  (алдамчылык) менен 221-беренесинде (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы)  көрсөтүлгөн кылмыштарга күнөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркинен ажыратылган. 

Ички иштер министрлиги тарабынан Райкуль Джапаровага эл аралык издөөгө, анын ичинен Интерпол аркылуу издөөгө алынган. Интерполдун маалыматы боюнча, Р. Джапарова 2020-жылдын 22-майында Польшанын аймагынан кармалган. Азыркы учурда, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Р. Джапарованы Кыргыз Республикасына экстрадициялоо маселелери чечилип жатат.