Жаңылыктар
Бишкекте жаңы онкология борбору курулат
Ден соолук
Бишкекте жаңы онкология борбору курулат

Президент Алмазбек Атамбаев Саламаттык сактоо министрине Бишкекте жаңы онкология борборун куруу тапшырмасын берди. Ошондой эле Мамлекет башчы борбордогу Улуттук онкология борборуна барып, балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнүн пациенттеринин ал абалын көрдү. Анда Улуттук онкология борборун финансылык колдоо максатында 5 000 000 сомдук сертификатты тапшырды.

Дарыгерлердин айтымында балдардын онкологиялык ооруларын даарылоого болот. Заманбап методдор менен дарылоо жаңылык деле болбой калган. Бирок Кыргызстанда бул мүмкүнчүлүк жок. Дары-дармектер кымбат жана медициналык жабдуулар эскирип бүткөн дешет адистер.

С. Идирисов, “Биринчи радио”