Жаңылыктар
Москва - Бишкек: кезектеги каттам менен 398 кыргыз жарандары Бишкекке учуп келишет
Мекендештер
Москва - Бишкек: кезектеги каттам менен 398 кыргыз жарандары Бишкекке учуп келишет

Бүгүн таңга маал Москвадан Бишкекти көздөй кезектеги чартердик каттам менен 398 жүргүнчү Кыргызстанга учуп кетти. Россиядан Кыргызстандын жарандарын мекенге кайтаруу боюнча иштер президент Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен ишке ашырылууда.

Москва убактысы менен эртен мененки саат 7:40та "Аэрофлот" компаниясынын Москва – Бишкек чертердик каттамы менен 398 жаран учуп кетти. Кыргызстанга бул ирет 319 кош бойлуу жана 2 жашка чейинки баласы бар 53 аял жөнөтүлдү. Мындан сырткары, жүргүнчүлөрдүн 26ы бизнес-класстагы орундуктарга билет сатып алгандар. Алар саламаттыгы начар жана жакындарынын тажыясына бара жаткан аялдар жана орусиялык 5 жаран. Алар Россия тараптын өтүнүчү менен кошо кетти.