Жаңылыктар
Сузак районунда алчанын экинчи терими башталды
Айыл чарба
Сузак районунда алчанын экинчи терими башталды

Келээрки жылдын камын ойлосоң эгин айда, келечектин камын ойлосоң бак тик демекчи, багбанчылыктан баар тапкан эмгекчил инсандар элетте аз эмес. Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн тургуну Исламбек Убайдуллаев, 9 жыл мурда 3 гектар аянтка алчанын көчөтүн отургузуп, 4 жылдан бери мөмөсүн алууда. Ушул күндөрдө түшүмдү терип жаткан учуру. Бир жума мурда бышып жетилген алчанын бул түрүнүн ушул тапта экинчи терими башталган. Алдыда дагы 3-4 жолу жыйналат.