Жаңылыктар
ЕАЭБге КР сунуштаган бир катар кызмат адамдары бекитилди
Экономика
ЕАЭБге КР сунуштаган бир катар кызмат адамдары бекитилди

ЕАЭБге Кыргызстандан сунушталган бир катар кызмат адамдары бекитилди. Адамкул Жунусов Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри болуп дайындалса, депутат Галина Скрипкина менен Айжамал Ажыбраимова уюмдун сотунун судьялыгына бекитилишти.

Бул кызматтарга Кыргызстандан сунушталган ишмерлердин талапкерлиги Астанада өткөн жыйында жактырылды. Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министрлик кызматын буга чейин Данил Ибраев аркалап келген. Анын ордуна Бажы кызматынын мурдагы жетекчиси Адамкул Жунусов дайындалды. Буга чейин аталган мекемеде анын орун басары болуп иштеген Мукай Кадыркулов уюмдун бажы тармагын тейлеген министри болуп бекиген эле. Эки кызмат адамы тең жалпы эле уюмдан сырткары Кыргызстандын жеке кызыкчылыгы үчүн да кызмат кылат деп үмүт артат Экономика министрлигинин Салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубан Айдаралиев. Бул орунга бажы тармагынын жетекчи адистеринин дайындалышын уюмдун инфраструктура маселесинде бажыга байланыштуу жабдууларды жаңыртуу зарылчылыгы менен байланыштырат.

Уюмдун министрлери Москвада иш алып барып, зарыл учурларларда биримдикке мүчө өлкөлөргө каттап турушат. Ал эми ЕАЭБтин соту жайгаштырыла турган шаар катары Беларусиянын борбору  Минск тандалып алынган.

Калыгул Асамбаев , “Биринчи радио”