Жаңылыктар
Жалпы республикалык тестирлөө 21-22-июнда өткөрүлөт. Жыйынтыгы качан чыгат?
Билим
Жалпы республикалык тестирлөө 21-22-июнда өткөрүлөт. Жыйынтыгы качан чыгат?

Мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн жалпы республикалык тестирлөө 21-25-июнь күндөрү өткөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. Тестирлөөнүн жыйынтыктары болсо 1-июлдан 19-июлга чейин чыгарылат. Жогорку окуу жайына тапшыруу онлайн форматта жүргүзүлөөрү да кабарланды. Быйыл жүйөөлүү себептерге байланыштуу окуу жылы 25-майда эмес, 30-майда жыйынтыкталат.

“13-19-июль аралыгында бүтүрүүчүлөр колдоруна тесттин жыйынтыгын алышы керек. 20-июлдан баштап окуу жайларына тапшыруу башталат. Абитуриенттер университеттин сайты аркылуу документтеринин электрондук форматын жөнөтүшөт",- деди Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова.