Жаңылыктар
Ооганстандагы «Талибан» кыймылы үч күндүк ок чыгарбоо чечимин кабыл алды
Дүйнө
Ооганстандагы «Талибан» кыймылы үч күндүк ок чыгарбоо чечимин кабыл алды

Ооганстандагы «Талибан» кыймылы Орозо айтка карата үч күндүк ок атышпоого чечимин кабыл алды. Буга жооп катары Афган бийлиги талибандын 100 жоокерин туткундан бошотту. Быйыл жазында АКШ жана «Талибан» кыймылынын өкүлдөрү тынчтык келишимин түзүү боюнча кол коюшкан. 

Келишимде талибдер америкалык аскерлерге жана алардын өнөктөштөрүнө каршы кол салууну токтотсо, АКШ тарап Афганистандан аскерлерин чыгарып кетет деп убадалашкан. Документте эки жактын бири-бирине койгон шарттары, туткундарды бошотуу боюнча талаптары аткарылса гана бир ымала түзүлөөрү болжонгон.