Жаңылыктар
Окуу жайга тапшыруу онлайн түрдө өтөт
Билим
Окуу жайга тапшыруу онлайн түрдө өтөт


POST#RIGHTБыйыл жогорку окуу жайларына кабыл алуу онлайн форматта жүргүзүлөт. Мектеп бүтүрүүчүсү атайын портал аркылуу окуу жайды, андагы факультетти тандап, документтерин каттоодон өткөрөт. Жалпы республикалык тестте топтогон упайы аркылуу канчанчы орунда экенине да онлайн байкоо жүргүзүп турат. Билим берүү жана илим министрлиги тиешелүү порталды даярдоо соңуна чыгып жатканын, жакынкы күндөрү адистер аны колдонуу боюнча окутуудан өтөрүн кабарлады.