Жаңылыктар
Аткезчилик жол менен ташылып келген 1 млн сомдук товар кармалды
Кылмыш
Аткезчилик жол менен ташылып келген 1 млн сомдук товар кармалды

Өлкөгө 1 млн сомдон ашуун каражатка аткезчилик жол менен ташылып келген товар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, “Баткен” бажысынын кызматкерлери Баткен обласунда Кыргызстан жаранынын башкаруусундагы “Volvo FH12” үлгүсүндөгү унааны чиркегичи менен токтотуп текшеришкен. 

Унаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы 18 миң кг-дан ашуун желим жашиктерге салынган өрүк табылган. Кармалган товардын орточо базар баасы 1 205 820 сомду түзөт. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.