Жаңылыктар
Ош шаарында эпидемиологиялык абал курчуса, коомдук унаалар токтотулат
Аймак
Ош шаарында эпидемиологиялык абал курчуса, коомдук унаалар токтотулат

Эпидемиологиялык абал курчуй турган болсо, Ош шаарында коомдук унаалардын иштөөсү токтотулат. Бул туурасында Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев маалымдады. Калаада өзгөчө кырдаал жана карантин талаптары жеңилдеп, 25-майдан тарта коомдук унаалардын каттоосуна уруксат берилген. Бүгүнкү күндө айдоочуларга унааларда санитардык талаптарды так сактоо милдеттендирилген. Эрежелердин сакталышын тийиштүү кызматтар көзөмөлгө алган. Ал эми калктын аярлуу катмарына жардамдарды берүү дагы деле уланууда. Азыркы тапта 22 млн сомдон ашык каражатка жардам көрсөтүлдү.

"Мамлекет тарабынан калктын аярлуу катмарына деп 18 млн 222 миң 400 сом бөлүнгөн.Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан 4 млн сомдон ашык каражат берилген. Алардын баары таратылып бүттү. Ошондой эле жергиликтүү бюджеттен да акча каралган",- деди Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев.

.