Жаңылыктар
Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу сотто күбөлөр суралды
Кылмыш
Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу сотто күбөлөр суралды

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу сотто күбөлөр суралууда. 26-майдагы отурумда ошол кезде №24 колонияда дарыгер болуп иштеген М.Кайкиев көрсөтмө берип, андан тышкары дагы эки күбө суралды. 

Түштөгү тыныгуудан соң, айыпталуучу Алмазбек Атамбаевдин жактоочуларынын келбегендигине байланыштуу, соттук териштирүү 28-майга жылдырылды. Чуулгандуу иш Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өндүрүшүндө каралууда. Алмазбек Атамбаев Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу жана бир катар беренелер менен айыпталып жатат.