Жаңылыктар
Эльвира Жаркеева баштаган алты кишиге тиешелүү соттук жараян болуп өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Эльвира Жаркеева баштаган алты кишиге тиешелүү соттук жараян болуп өттү

Биринчи май райондук сотунда мурдагы судья Эльвира Жаркеева баштаган алты кишиге тиешелүү соттук жараян болуп өттү. Бул иште фигуранттын бири Бишкектин Свердлов райондук сотунун мурдагы төрайымы Эльвира Жаркеевага айыптоочу тарап "кылмыштуу топ менен келишип алып, чет элдик инвесторлорго таандык мүлктү өзүнө ыйгаруу максатында бир катар мыйзамсыз чечимдерди чыгарган" деген кине коюуда. Иши сотко өткөн алты адам "коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айыпталууда. 

Бүгүн сотко жактоочу тарабынан анын башка процесске катышып жаткандыгына байланыштуу соттук териштирүүнү башка күнгө жылдыруу жөнүндө өтүнүч келип түштү. Андан сырткары мамлекеттик айыптоочу тарабынан кошумча күбөлөрдү мажбурлап алып келүү жөнүндө өтүнүч келтирди. Сот мамлекеттик айыптоочунун өтүнүчүн ачык калтырды, жактоочунун өтүнүчүн канааттандырып, соттук териштирүүнү 16-июнга жылдырды.