Жаңылыктар
Тарых музей менен ат майдан боюнча соттук отурум улантылды
Кылмыш
Тарых музей менен ат майдан боюнча соттук отурум улантылды

Мамлекеттик тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ат майдандын оңдолушуна байланыштуу кылмыш ишин териштирүү улантылууда. Кезектеги отурумда жазык ишинин материалдарын изилдөөнү улантылып, иш убактысы аяктагандыгына байланыштуу, соттук териштирүү 2-июнга жылдырылды.
Эскерте кетсек, мамлекеттик тарых музейи менен Ысык-Көлдөгү ат майданды оңдоодогу коррупция боюнча мамлекеттик кызматтарда иштеп кеткен алты адам айыпталууда. Алардын арасында мурдагы Президенттин Аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева жана мурдагы премьер-министр Сапар Исаков бар.