Жаңылыктар
Япония Кыргызстан баш болгон 11 өлкөнүн жарандарына кирүүгө тыюу салды
Дүйнө
Япония Кыргызстан баш болгон 11 өлкөнүн жарандарына кирүүгө тыюу салды

Япониянын өкмөтү 11 өлкөнүн жарандарына коронавирус пандемиясынан улам өлкөгө кирүүгө тыюу салды. Бул тууралуу Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ билдирди. 

Чектөөлөр 27-майдан тартып күчүнө кирет. Анда Кыргызстан менен катар эле Тажикстан, Индия, Афганистан, Пакистан, Бангладеш, Аргентина, Сальвадор, Гана, Түштүк Африка Республикасы жана Гвинеянын жарандарына Жапонияга кирүүгө тыюу салынды. Аталган мамлекеттер бул өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги жарыялаган «тыюу салынган мамлекеттер жана аймактар» тизмесине киргизилген. Өткөн аптада япон өкмөтү жогоруда саналып өткөн 11 мамлекет үчүн «саякаттоонун коркунуч» деңгээлин 3-даражага көтөргөн. Ошондой эле, бул мамлекеттерге сапарлардан толук баш тартууга чакырган.