Жаңылыктар
Кыргызстан коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын сатып алат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын сатып алат

Коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясы сатып алынат. Бул тууралуу “Улуттук энергетикалык холдинг” компаниясынын жетекчиси Айтмамат Назаров билдирди. 

Электр жарыгын сырттан алуу чечими суу тартыштыгы жана энергияны керектөө жогорулап жатканына байланыштуу кабыл алынды. Казакстан менен тиешелүү макулдашууга жетишилди. 

Ошондой эле Түркмөнстан жана Тажикстан менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу малекеттик комитетинин маалыматына таянсак Казакстандан 12 миллион долларга 500 миллион киловатт саат электр энергиясы сатып алынат.