Быйыл мамлекеттик жана партиялык ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы белгиленет. Улуу инсандын өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымын, баскан жолун даңазалоо максатында анын урматына арналган материалдар "Ала-Тоо 24" каналынан байма-бай берилип турат.
Бүтүндөй өмүрүн мекенинин өнүгүүсүнө арнаган мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун бул үйдө жашабай калганына 60 жылдын жүзү болду. Мамлекеттин келечеги үчүн тынчсызданып түнкүсүн уктабай отурган орундуктары, кызынын кызыгып ойногон музыкалык аспаптары, дегеле ал колдонгон бардык буюмдары ушул үй музейинде.
2005-жылы бул үйдү музейге айландыруу чечими чыккан. Ошол күндөн баштап ишмердин буюм-тайымдары чогултулуп, айрымдары Өзбекстан, Россиядан алынып келинген. Музейде турган 1 миңден ашык экспонаттын ичинде Исхак Раззаковдун кийимдери, документтери, үй-бүлөсү, саясий, маданий ишмерлер менен түшкөн сүрөттөрү, окуу конспектилери жана эл алдына чыгып сүйлөгөн тексттери бар.
Исхак Разаков жашаган учурда үйүнүн тегереги өтө кооз болгон. Ошол калыпты калыбына келтирүүгө учурда музей кызматкерлери бар аракетин жумшоодо. Быйылкы мааракелик иш-чаралардын көбү да дал ушул музейде өткөрүлөт. Атайын өкмөттүк комиссия түзүлүп, программалар иштелип чыгууда.
Исхак Раззаков өлкөнү башкарган жылдары эл чарбасында эң маанилүү объектилер курулуп, пайдаланууга берилгендиги, ошондой эле агартуу жана маданият тармактарында да маанилүү чоң өзгөрүүлөр болгондугу элинин эсинде. Залкар инсандын чексиз камкордугу жана жөндөмдүүлүгү унутулбайт!