Жаңылыктар
Таласта кооптуулукту жоюу аракеттери көрүлүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Таласта кооптуулукту жоюу аракеттери көрүлүүдө

Талас облусу боюнча быйыл жалпы 11 объект суу ташкындарынын алдын-алуу боюнча иш мерчемдерге киргизилди. Учурда анын алтоонун курулушу аяктап калды. Былтыр калктуу конуштарды жер астынан көтөрүлгөн суулардан коргоо багытында айыл аймактардагы дренаж муктаждыктарын чечүү маселеси каралган. 



Жылда жер астынан чыккан суу элдин турак жайларын зыянга учуратып, социалдык объектилерге да чоң залакасын тийгизип келет. Мындан улам эки жыл дренаж казып, маселени жөнгө салуу аракети башталган.


Ачык түрдө казылган дренаж айылдагы негизги көйгөйдү чечкени менен жашоочуларга, мал-жандыкка кооптуу болуп келген. Андыктан элет элинин жабык түрдөгү дренаж казып берүү сунушун, өзгөчө кырдаалдар министрлиги колдоого алган. Дубанда суу, сел ташкындарынын алдын-алуу үчүн 16 объект иш мерчемге киргизилген болсо, ошонун бири ушул 1-май айылындагы жабык дренаж куруу маселеси болгон.