Жаңылыктар
Нарын облустук ооруканасынын бир катар бөлүмдөрү убактылуу жабылды
Аймак
Нарын облустук ооруканасынын бир катар бөлүмдөрү убактылуу жабылды

Нарында коронавирустун курчуп кеткендигине байланыштуу облустук бириктирилген ооруканасынын бир катар бөлүмдөрү убактылуу жабылды. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов брифингде билдирди. Бүгүнкү күндө дубанда жалпысынан коронавирусту 297 жаран жуктуруп алган. Анын 169у дарыланууда. 27-майга карата дагы 17 жарандын анализинен инфекция аныкталган. Нарын жана Ак-Талаа райондорунда бирден учур, калган 15 адам Нарын шаарынын тургундары. Ат-Башы жана Жумгал райондорунда коронавирус жуктурган жарандардын баары айыгып, ооруканадан чыгарылган. 

Облуста жалпы 1 миң 444 орундук даярдалган. Ал эми ушул убакытка чейин экономикалык ишмердүүлүгү башталган 444 субъект ишке кирип, 1 миң 509 адам жумушка чыкты. Ишканалар мобилдик топтор тарабынан текшерилип, санитардык талаптарды сактабаган 15 жооптуу кызматкерге айып салынып, 329 объектке санитардык сунуштамалар берилген. Өлкөдө өзгөчө кырдаалдар жарыялангандан бери республикалык маанидеги 3 пост иштеп жатат. Алар Кочкор, Жумгал жана Ак-Талаа райондорунда.

“ Жалпы Нарын облусу боюнча 1443 орун даярдалган. Алардын ичинен медицмналык мекемелердин имаратында жана өзгөчө кырдаалдар башкармалыгын, мунун менен бирге Торугартта да бар орундуктар”,- деди Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов.