Жаңылыктар
Караколдо бир адам сууга чөгүп кетти
Кырсык
 Караколдо бир адам сууга чөгүп кетти

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында кечээ, 27-майда саат 18:44дө Пристань-Пржевальск айылында көлмөгө 1985-жылы туулган Х.Р. аттуу эркек киши чөгүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

ӨКМнин №15 аскерлештирилген өрткө каршы кутаруу бөлүмүнүн куткаруучулары маркумдун жансыз денесин суудан чыгарып, туугандарына өткөрүп беришти.