Жаңылыктар
Екатеринбургдан кыргызстандыктарды алып келүү үчүн чартердик каттам уюштурулат
Мекендештер
Екатеринбургдан кыргызстандыктарды алып келүү үчүн чартердик каттам уюштурулат

Орусиянын Екатеринбург шаарынан кыргызстандыктарды мекенине алып келүү үчүн чартердик каттам уюштурулат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Каттам ушул жылдын 30-майында Екатеринбург шаарынан Ош шаарына «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы тарабынан аткарылары пландалууда. Бул каттам менен өтө муктаж болгон жарандар мекенине жөнөтүлөт - деп айтылат маалыматта. 

Мекемеден кошумчалашкандай, учуп кете тургандардын тизмеси жарандардын кайрылууларын, ошондой эле Урал федералдык аймагындагы кыргыз диаспора уюмдарынын жетекчилеринин сунуштарын жана жарандардын мындан мурда «Урал аба жолдору» авиакомпаниясынын билеттерин сатып алгандыгын эске алуу менен түзүлүүдө. Авиабилеттер «Урал аба жолдору» авиакомпаниясынын атайын белгиленген кассаларында түзүлгөн тизмеге ылайык сатылат. Буга байланыштуу билеттерди сатып алуу боюнча ортомчулардын сунуштарына алданбоо эскертилет. Учурда Урал федералдык аймагында Кыргызстанга учуп кетүүнү каалаган 600дөн ашык жаран бар.