Жаңылыктар
COVID-19: дүйнөдө жуктургандардын саны 5,5 млн. жетти
Дүйнө
COVID-19: дүйнөдө жуктургандардын саны 5,5 млн. жетти

  Дүйнөнү кооптуу абалга кептеп, экономикалык кырдаалды бир топ кыйындаткан коронавирусту жуктургандардын саны 5 млн 600 миңди чамалады. Бул тууралуу Жонс Хопкинс университетинин атайын жүргүзгөн изилдөөсүндө көрсөтүлгөн.

 Ага ылайык, каза болгондордун саны 400 миңге жетти, 2 млн. ашык адам илдеттен айыккан. Коронавирусту эң көп жуктургандардын жана каза болгондордун саны боюнча АКШ биринчиликти бербей келсе, эми вируска 400 миң адам кабылган Бразилия озуп чыкты. Бул өлкөдө бир күндө эле 1 миңге чукул адам каза болгон. Ал эми Улуу Британияда 266 миң 599, Испанияда 236 миң 259, Италияда 230 миң 555, Францияда 182 миң 847, Германияда 181 миң 200, Түркияда 158 миң 762, Индияда 151 миң 876, Иранда 139 миң 511 жаран жуктурду.