Жаңылыктар
Дональд Трамп Ооганстандагы аскерлерин толук чыгарып кетүү ниетин дагы бир ирет айтты
Дүйнө
Дональд Трамп Ооганстандагы аскерлерин толук чыгарып кетүү ниетин дагы бир ирет айтты

АКШнын президенти Дональд Трамп Ооганстандагы аскерлерин толук чыгарып кетүү ниетин дагы бир ирет билдирди. Бирок азырынча так убакытты айткан жок. 

«Биз көп жылдан бери ошол жактабыз. Менимче, бул жетиштүү. Биз сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканыбызды алар да түшүнүп турушат. Аскерлерибизди үйгө кайтарууну каалайбыз», - деди Трамп. 

Ушул тапта Ооганстанда өкмөттүк күчтөргө окутуу, машыгуу иштерине 12 миңдей америкалык күч кызматкери жардамдашып жүрөт. Быйыл февралда күтүүсүздөн Вашингтон «Талибан» менен мунасага келген жана анда америкалыктар Ооганстанды таштап кетери макулдашылган. 

Келишимдеги шарттардын бирине ылайык, Кабул камактагы беш миң талибди коё бериши керек болчу. Бирок «Талибан» кыймылына туткундагы миң кишини эркиндикке чыгаруу милдети коюлган. Ошондо гана өз ара ички диалогу башталмак. 

Ал эми Ооган өкмөтү менен «Талибан» Орозо айтка карата үч күн бою атышпоо тууралуу шерттешкен. Макулдашуунун соңку күнүндө, өкмөт «Талибан» кыймылынын дагы 900 жоочусун бошото турганын жарыялаган. Кабул 100 талибди эркиндикке чыгарган.