Жаңылыктар
Ошто куткаруучу унааларды дезинфекциялоочу түзүлүш ойлоп тапты
Аймак
Ошто куткаруучу унааларды дезинфекциялоочу түзүлүш ойлоп тапты

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын куткаруучусу сержант Төрөмурзаев Аяз жумушту жеңилдетип, убакытты сарамжалдап жана куткаруучулардын коопсуздугу үчүн дезинфекциялоочу система иштеп чыкты. Куткаруучу сержант жооптуу болгон санитардык блок-постко кызмат өтөгөн. 

Учурда дезинфекциялоочу система Ош шаарынын чыгыш тарабында жайгашкан "Арка" санитардык карантиндик постунда орнотулду. Аталган постто сутка ичинде кеминде 5000ден ашуун автоунаалар өтөт.

Дүйнө жүзүндө жүрүп жаткан коронавирус илдетинин өлкө аймагына жайылып кетүү коркунучун алдын алуу максатында Ош шаарында да күн сайын дезинфекциялоо иштери жүрүүдө.