Жаңылыктар
Бүгүн чек арачылардын кесиптик майрамы
Чек ара
Бүгүн чек арачылардын кесиптик майрамы

Президент Сооронбай Жээнбеков чек арачыларды кесиптик майрамы - Кыргыз Республикасынын Чек арачылар күнү менен куттуктады.

«Урматтуу чек арачылар! Кымбаттуу ардагерлер!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Чек арачылар күнү менен куттуктайм!

Өлкөбүздүн сырткы чегин ишенимдүү кайтарып, чек арабыздын коопсуздугун камсыз кылуу менен сиздер элибиздин урматтоосуна ээ болуп жатасыздар.

Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында чек арачыларыбыз көптөгөн эрдиктерди жана каармандыктарды көрсөткөн.

Жергебиздин кол тийбестигине жана калкыбыздын коопсуздугуна кепил болуп, Чек ара кызматы Мекенибиздин бекем калканы болуп келүүдө.

Чек арачылар патриоттуулукка, ар намыска, берген антка негизделген ардагерлердин мыкты салттарын сактап, улантат деп ишенем.

Сиздерге чың ден соолук, бекем кайрат, ийгиликтүү кызмат өтөөнү каалайм!», - деп айтылат Мамлекет башчысынын куттуктоосунда.