Жаңылыктар
Ысык-Көлдө жылкылар массалык ооруга чалдыгууда деген маалымат төгүндөлдү - Кыргызстан жаңылыктары
Ден соолук
Ысык-Көлдө жылкылар массалык ооруга чалдыгууда деген маалымат төгүндөлдү - Кыргызстан жаңылыктары

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жарандарды мал ылаңына байланышкан оорулар тууралуу такталбаган маалыматтарды таркатпоого чакырды. Мекеме жетекчиси Ысык-Көлдө жылкылар массалык ооруга чалдыгып жатат деген билдирүүлөрдү четке кагып, өлкөдө эпизоотиялык абал туруктуу экенин белгиледи. Социалдык тармактарда таркаган тасмадан улам адистер текшерүү жүргүзүп, бир гана жылкыдан илдет табылган. Инспекция тиешелүү лабораториялар иштеп жатканын, малдан адамга оору жуккан учурлар соңку жылдары азайганын айтты.

“Социалдык тармактарда ар кандай маалыматтар таркап жатат. Ысык-Көлдөгү айылда 4 жылкы гана болгон. Калганы жайлоодо болчу",- деди Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын төрагасы Калысбек Жумаканов.