Жаңылыктар
Кыргызстан - Россия: эриш-аркак жылы ОшМУда жаңы факультет ачылат - Кыргызстан жаңылыктары
Билим
Кыргызстан - Россия: эриш-аркак жылы ОшМУда жаңы факультет ачылат - Кыргызстан жаңылыктары

Ош мамлекеттик университетинде жаңы факультет ачылат. Ал Кыргызстан менен Орусиянын эриш-аркак жылынын алкагында ишке ашууда. Эки тараптуу кызматтыштык жөнүндө келишимге Ош мамлекеттик университети менен Түштүк-Урал мамлекеттик университетинин жетекчилери онлайн режимде кол коюшту. Мындай чечим окуу жайдын 80 жылдык мааракелик салтанатын белгилөө учурунда ишке ашты. Куттуктоолор онлайн кабыл алынды. Түз байланышка 30дан ашык мамлекеттеги өнөктөштөр катышты. 

1939-жылы түптөлгөн окуу жай 33 өлкөдөгү 261 окуу жай менен кызматташат. Билим алып жаткан 35 миң студенттин 8 миңдейин чет өлкөдөн келип, билим алып жаткандар түзөт. Башка мамлекеттер менен эки тараптуу кызматташтыктын негизинде ачылган 5 факультет бар.

"Азыркы жагдай мындай иш-чараларга тоскоолдук кылган жок, 20дай чет өлкөлүк окуу жайдын ректорлору онлайн куттуктоодо отурат. Кыргыз-кытай кызматташтык борборун түзүү чечими кабыл алынып, карантинге карата ишке ашпай атты эле, азыр ушул жыйында сүйлөшмөй болуп атабыз",- деди ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков.