Жаңылыктар
Түркмөнстан Ооганстанга темир жол транспорту менен жүктү дезинфекциялоочу станция салып берет
Дүйнө
Түркмөнстан Ооганстанга темир жол транспорту менен жүктү дезинфекциялоочу станция салып берет

Түркмөнстан гуманитардык жардам иретинде Ооганстандын чек араларында темир жол транспорту менен жүктү дезинфекциялоочу терминалдарды салып берүүгө даяр.

Бул тууралуу Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов Ооганстан президенти Ашраф Гани менен телефондо сүйлөшкөн учурда билдирген.

Түркмөн мамлекеттик маалымат агенттиктеринин кабарлашынча, президенттер коронавирус пандемиясын, эки мамлекет арасындагы чек арада санитардык эрежелерди сактоо маселесин талкуулашкан.

Ооган аткаминерлеринин айтымында, чек арага жакын аймактарга коронавирусту аныктоого арналган жабдуулар өтө зарыл.

Түркмөн-ооган чек арасынын жалпы узундугу – 800 чакырым. Ортодо эки көзөмөл-өткөрмө бекети – Имамназар-Акин жана Серхетабад-Тургунди бар. Учурда Түркмөнстан менен Ооганстан чек арасынан жүк унаалары гана өтүп жатат.