Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.
Чүй, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, тоолуу райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.