Жаңылыктар
Баткен облусунда коронавируска байланыштуу колл-борбор ачылды
Аймак
Баткен облусунда коронавируска байланыштуу колл-борбор ачылды

Баткен облусунда коронавируска байланыштуу колл-борбор ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Ал күн сайын саат 08:00дөн 20:00гө чейин иштеп, облустун тургундарынын суроолоруна жооп берет. Колл-борборго чалган бейтаптын абалына карата операторлор алгоритмге ылайык клиникалык баа берип, бардык маалыматты мобилдүү бригадага өткөрөт. "118" кыска номуруна же (0553) 90 36 90; (03622) 5-12-15, 5-07-05 номурларына чалып, коронавирус инфекциясы боюнча жаралган суроолорго жооп алууга болот. 

Эске салсак, 11-майдан тартып өлкөнүн бардык аймактарында колл-борборлор иштеп баштаган.