Жаңылыктар
Казакстанда заводдон өрт чыгып, төрт жумушчу каза болду
Дүйнө
Казакстанда заводдон өрт чыгып, төрт жумушчу каза болду

Казакстанда хром кошулмалар заводунда өрт чыгып, анын кесепетинен төрт жумушчу каза таап, экөө ооруканага түштү. Алардын абалы оор. 

Бул тууралуу Актөбө облустук ден соолукту сактоо башкармалыгы менен эмгек инспекциясы билдирди. Маалыматка караганда, өндүрүштө колдонулган химиялык калдыкты тазалап жатканда бир жумушчу күйүп кеткен. Аны куткаруу үчүн беш жумушчу 50 куб метр бактын ичине түшкөн. Баары күйүк алган. Анын кесепетинен төртөө жан берип, экөө ооруканага түштү. Бул окуя боюнча “ Байкабастыктан эки же андан көп кишинин өлүмүнө алып келген эмгек коопсуздугун бузуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Ооруканадагы жумушчулардын бети, мойну жана колдору күйгөн. Бири 32, экинчиси 36 жашта. Хром кошулмалар заводу Актөбөнүн четинде жайгашкан.