Жаңылыктар
ЕАЭБ саммитинин жыйынтыктары
Саясат
ЕАЭБ саммитинин жыйынтыктары

Евразия экономикалык биримдигинин Астанада өткөн саммитинде Кыргызстан үчүн 3 чоң маселени чечүүгө мүмкүн болду.

Булар бирдиктүү темир жол төлөмдөрү, Кыргызстандан Казакстанга картошка экспорттоосу жана чет өлкөлөрдөн Орусия аркылуу кыргыз тарапка келген товарларды чектөөсүз өткөрүү.

Бул тууралуу бүгүн Президенттик аппараттын тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков маалымдап, эң негизгиси бул маселелер боюнча саясий чечим кабыл алынганын жакшы жышаан катары баалады. Эми мындан аркы жумушту профилдик мекемелер улантып, сүйлөшүүнүн жыйынтыктарын ишке ашырышы керек.

Евразия экономикалык биримдигинин кезектеги жыйыны Казакстандын төрагалыгы астында кечээ Астанада өттү. Кыргызстан биримдикке расмий киргенден бери бир жылга жакын убакыт өтсө да, жылыш ойдогудай болбой жаткан. Президент Алмазбек Атамбаев саммиттин кеңири курамдагы жыйынында сөз сүйлөп, келип чыккан маселелер тууралуу өз пикирин билдирди.

Өлкө башчы конкреттүү үч көйгөй боюнча маселе койду. Негизгиси экономикалык биримдикке кирген өлкөлөр арасында бирдиктүү темир жол төлөмдөрүнүн жоктугу. Мындан улам коңшу мамлекеттерге товар ташыганда төлөмдөр жогору болуп, ишкерлерге түйшүк тартууда. Сапар Исаков саммитте бирдиктүү темир жол тарифи боюнча чечим кабыл алынганын билдирди. 

ЕАЭБдин кийинки жыйыны ушул жылдын декабрь айында Москвада өтөт. Ага чейин азыркы учурда актуалдуу эсептелген маселелер боюнча Астанада кабыл алынган чечимдердин кандайдыр бир жыйынтыгы болушу керек.

Мындан сырткары Астана саммитинен кийин мигранттар маселеси, башка мамлекеттер менен соода-экономикалык байланышты кенейтүү, биримдиктин алкагында газ, мунай продукциялары учун жалпы базарды түзүү маселелерин ишке ашыруу аракеттери башталды.