Жаңылыктар
Санитардык эрежелерди сактоо менен Өзбекстан туристтер үчүн чек арасын ачат
Туризм
Санитардык эрежелерди сактоо менен Өзбекстан туристтер үчүн чек арасын ачат

Өзбекстан айрым өлкөлөрдүн жарандары үчүн чек араларды ачат. Өлкө лидери Шавкат Мирзиёев «Коронавирус пандемиясынын терс таасирин азайтуу үчүн туризм тармагын колдоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду. Документке ылайык, туризмди жана ага байланыштуу тармактарды колдоо максатында, коронавирус пандемиясынан эң көп жапа чеккен жана улантып келе жаткан «жашыл» жана «сары» категориялар боюнча, 2020-жылдын 1-июнунан баштап ички туризм белгиленген санитардык эрежелерди так сактоо менен улантылат. 

Мындан тышкары, туризмди этап-этабы менен калыбына келтирүү максатында Өзбекстанга кирүүгө уруксат берилген өлкөлөрдүн тизмеси аныкталат. Жарлыкта мамлекеттен туроператорлорго жана туристтик агенттиктерге ар бир чет өлкөлүк турист үчүн 15 доллар өлчөмүндө каражат төлөнөт. Турист Өзбекстанда кеминде 5 күн болууга тийиш.