Жаңылыктар
Былтыркыга салыштырмалуу эгин аянттары 22 миң гектарга көп айдалды
Айыл чарба
Былтыркыга салыштырмалуу эгин аянттары 22 миң гектарга көп айдалды

Быйыл өлкөдө жазгы талаа иштери жылдагыдан 10-12 күнгө эрте аяктады. 646,4 миң гектар аянтка дан эгиндери эгилди. Анын ичинен буудай 247,6 миң гектарга, дандык жүгөрү 107,4 миң гектарга, чанактуу өсүмдүктөр 63,2 миң гектарга, арпа 215 миң гектарга, жашылча 54 миң гектарга, бакча өсүмдүктөрү 11 миң гектар жерге айдалды. 

Бул көрсөткүч былтыркыга караганда 22 миң гектарга көп. Ал эми жалпы айдоо жеринин аянты 1 млн 219 миң гектарга жетти. Ал былтыркыга салыштырмалуу 2,3 миң гектарга арбын. Ошондой эле, көп жылдык тоют өсүмдүктөрүнүн аянты 386,6 миң гектарды түздү.

Бул маалыматты Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.