Жаңылыктар
Байкоочу кеңештин отчету жактырылды
УТРК жаңылыктары
Байкоочу кеңештин отчету жактырылды

Жогорку Кеңеш Коомдук каналдын Байкоочу кеңешинин КТРКнын 2015-жылда аткарган иши тууралуу отчетун жактырды. Мындай чечим палатанын жалпы отурумунда кабыл алынды. Талкуу маалында КТРКнын жетишкендиктери менен  кемчиликтери айтылып, эл өкүлдөрү тарабынан  сунуштар да берилди.

Аткарылган иштер туурасында Байкоочу кеңештин төрагасы Абды Сатаров баяндама жасап, корпорациянын негизги жетишкендиктери менен көйгөйлөрүнө токтолду. 2015-жылы Коомдук каналда санариптик “Маданият.Тарых.Тил” жана КТРК “Спорт” каналы ачылды.  Элеттеги элдин  көйгөйлөрүн чагылдырган түз эфирдеги талкуулар менен атайын репортаждарда коомдун орчундуу маселелери көтөрүлүп жатканы белгиленди. Автопарк жаңырып, оңдоо иштери жүргүзүлдү.

Талкуунун соңунда палата Байкоочу кеңештин КТРКнын 2015-жылда аткарган иши тууралуу маалыматын жактырды.