Жаңылыктар
Филиппин жана Түштүк Кореядан 58 кыргызстандык мекенине кайтып келди
Мекендештер
Филиппин жана Түштүк Кореядан 58 кыргызстандык мекенине кайтып келди

«Манас» эл аралык аэропортуна Сеул-Бишкек-Сеул каттамы боюнча чартердик учагы келип конду. Жалпысынан Филиппинден жана Түштүк Кореядан 58 кыргызстандык мекенине кайтып келди. Бардык учуп келгендер бекитилген тартипте тийиштүү медициналык текшерүүдөн өтүш үчүн обсервацияга жаткырылды. 

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, учурда чет мамлекеттерден келе албай жаткан кыргызстандыктарды мекенине кайтаруу аракети өнөктөш өлкөлөрдүн колдоосу жана кызматташтыгы менен жүрүп жатат. Коронавирус пандемиясы жарыяланган февраль айынан бери Кыргызстанга чет мамлекеттерден он миңден ашуун адам жеткирилген. Учурда дагы 50дөн ашык мамлекетте мекенине кайтууну көздөгөн кыргызстандыктар бар экени кабарланган.